11:37, 06 ноября 2019, Бишкек - 24-kg.com , Элеонора КЫДЫРОВА
Кыргызстанда алгачкы жолу аудиолог кабинети ачылды. Бул тууралуу «Өнүгүү» коомдук бирикмесинин директору Саида Абдукадырова 24-kg.com агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, ата мекендик адистин иш бөлмөсү Бишкектеги № 6 үй-бүлөлүк медицина борборунда орун алган. Ал кохлеардык импланттары бар кыргызстандык бардык жарандарга жеткиликтүү болот.
Буга чейин сүйлөө процессорлорун жөндөө боюнча кызматтар Кыргызстанда жеткиликтүү болбой, жарандар ар 6 ай сайын чет өлкөгө барууга муктаж болушкан.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын жайында Кыргызстандын эки адиси Киев шаарындагы «Жакшы угуу чеберканасы» мектебиндеги окуудан өтүп, эми жергиликтүү адистерди окутууга киришти.