Бишкекте 11-кабаттан кыз кулап кетти

15:14, 06 ноября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынын кыз кулап кетти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз ооруканага жаткырылды.

«Окуя Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Кулап кеткен кыздын өздүгү такталууда. Окуя болгон жерде тартип сакчылары иш алып барышууда», — деп айтылат маалыматта.