Бишкектеги Медеров көчөсүндө жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат

14:54, 12 ноября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги Медеров 44/1 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары 4 ири тейлөө борборлору иш алып барат.

«18-ноябрдан баштап Медеров көчөсүндөгү Калкты тейлөө борбору жабылат», — деп айтылат маалыматта. Ал эми Октябрь жана Аламүдүн райондорунда тейлөө борборлору ачыла турганы анык болду.