17:53, 15 ноября 2019, Бишкек - 24-kg.com
24-ноябрга белгиленген Бишкек шаарынын Эски аянттындагы элдик талкуу болбой калды. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Элдик курултайдын өкүлдөрү билдиришти.
«Депутаттар референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алышыптыр. Биз парламент менен конструктивдүү диалогду улантабыз», — дейт курултайчылар.
Эскерте кетсек, Элдик курултай конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал 10 миң шайлоочунун колу менен Жогорку Кеңешке киргизилген.