Александр Лукашенко кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет

10:18, 18 ноября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Беларустун учурдагы башчысы Александр Лукашенко 2020-жылы жайында өткөрүү пландалып жаткан президенттик шайлоодо талапкерлигин кое турганын билдирди.

«Мен креслого жармашпайм. Эгер силердин буга каршы экениңерди сезсем, мен албетте, сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот», — деди ал.

Беларус лидери президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү ниети бар экенин кошумчалады.

Александр Лукашенко Беларусту 25 жылдан бери башкарып келет. 1994-жылы өлкөдө президенттик кызмат түзүлгөндөн кийин антикоррупциялык комиссиянын жетекчиси Лукашенко шайлоочулардын көбүнүн добушун алып, өлкөнүн туңгуч президенти болуп шайланган. Андан бери өлкө Конституциясы бир канча жолу өзгөртүлүп, Лукашенконун бийликте калуусуна мүмкүндүк түзүлүп келет. ЕККУ жана ЕБ өлкөлөрү Беларуста өткөн акыркы бир нече шайлоону легитимсиз деп аташкан. Дүйнөдө Лукашенконун өзүн «Европанын акыркы диктатору» деп атап келишет.