Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

09:10, 06 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com

Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Биринчи май райондук соту кечээ ушундай чечим кабыл алды.

Фото

Блогер тергөө менен байланышууга макулдугун берди деген кепти төгүндөдү.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармашкан, сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ага аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы тагылган.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу өткөн.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.