Блогер Афтандил Жоробековду Аскер прокуратурасына чакырышты

15:11, 09 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com

Блогер Афтандил Жоробековду Аскер прокуратурасына чакырышты. Ал чакыруунун сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жайгаштырды.

Фото

Блогердин кызыкчылыгын коргогон «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов 24-kg.com агенттигине билдиргендей, анын кандай иш боюнча чакырылганы белгисиз.

«Афтандил Жоробеков Аскер прокуратурасына күбө катары чакырылды. Бирок анда конкреттүү кайсыл макала үчүн чакырганы көрсөтүлгөн эмес», — деди Тимур Султанов.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармашкан, сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ага аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы тагылган.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу өткөн.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.