13:46
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Бишкекте болгон ок атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар

Бишкекте болгон ок атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жеке булак билдирди.

Окуя Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Алдын ала маалыматка ылайык, 6 гильза табылды. Укук коргоочулар кандай курал менен атышканын аныктап жатышат. Ок атышууга Сакал каймана аты бар Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, кечээ Бишкекте ок атышуу болгону кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар