09:27, 10 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту 13-декабрда саат 19:00дө жанат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардыктарды бул күнү майрамдык концерт күтөт.
Мэриядан билдиришкендей, өлкөнүн башкы балатысы «Айкөл Манас» эстелигинин чыгыш тарабына орнотулду. Аны кооздоо иштери уланууда.
Шаардын ичи майрамдык инсталляциялар, гирляндалар менен кооздолду.