19:28
USD 87.45
EUR 100.93
RUB 1.10

Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24-kg.com маалымат агенттигин сотко берди

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24-kg.com маалымат агенттигин сотко берди. Бул тууралуу Бишкектеги Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24-kg.com агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24-kg.com шилтеме берип жазып чыккан.

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар