13:52
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Депутат Асел Кодуранованы кайрадан суракка чакырышты

Депутат Асел Кодуранованы кайрадан суракка чакырышты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү ИИМдин тергөө кызматына бүгүн барышы керек.

Эске салсак, кечээ мурунку депутат Равшан Жээнбеков сурактан кийин кармалган.

Буга чейин дагы Жогорку Кеӊештин депутаты Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар