Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты

17:11, 16 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине күбөлөр билдиришти.

Фото

Маалыматка караганда, жаңжал Дахма аймагында чыкты. Анда тажик тарап такталбаган аймакта тосмо курабыз деп чыккан.

«Окуя болгон жерде 40-50 киши чогулду. Тургундар арасында пикир келишпестик жаралды. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп билдиришти редакцияга.