10:54, 18 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 9да Көк-Таш айылында болду. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-kg.com агенттигине билдиргендей, учурда чек арадагы абал туруктуу, чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө.
Эске салсак, ушул жуманын башында мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жана тажикстандык тургундар арасында пикир келишпестиктер жаралган.