11:10, 20 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com
Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишти аткарууга 11 атайын техника жана 10 кар тазалоочу унаа тартылган.
Учурда Бишкекте тоңголок жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.