Өлкөдөгү 12 өткөрмө пункт модернизациялоодон өттү

12:21, 25 декабря 2019, Бишкек - 24-kg.com

Россия Федерациясынын техникалык көмөк көрсөтүүсү менен 14 өткөрмө пункттун ичинен 12си модернизациядан өттү. Буга 142,5 миллион доллар сарпталды. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Айтымында, «Торугарт», «Иркештам», «Карамык», «Кызыл-Бел», «Кайрагач» жана «Кызыл-Кыя» өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу аяктады.

2020-жылдын аягына чейин «Достук», «Бор-Дөбө» өткөрмө пункттарын реконструкциялоо боюнча иштер бүткөрүлөт.