15:52
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Чек ара жаңжалы. Жабырлануучулардын бири ооруканада дарыланууда

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын бири дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкери октон жаракат алган. Ага операция жасалып, денесинен окту алып чыгышты.

«Жабырлануучунун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Ал керектүү дары-дармектерди алууда», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, калган жабырлануучулар Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан чыгышты.

Эске салсак, окуя 18-декабрда саат 9да Көк-Таш айылында башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар