13:37
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду

Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду. Бул тууралуу ал 24-kg.com агенттигине билдирди.

Анын айтымында, чымыр дене түзүлүштөгү 2 жаш жигит Токтогул көчөсүндөгү кеңсенин короосунан кол салышкан. «Бирөөсү аркадан кол салды, мен кулап калгандан кийин экинчиси тепти. Колумдагы телефонду алып кетишти. Андан башка эч нерсе алышкан жок. Бул талап-тоноо эмес деп ойлойм. Алар коркутуп коюуну чечишкен өңдүү», — деди Болот Темиров.

Буга чейин редакцияга белгисиз 2 жаран үй комитети башчысынан Factcheck сайтынын кеңсеси кайда жайгашканын сурап кызыгышканын билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар