17:11, 09 января 2020, Бишкек - 24-kg.com
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда тоноочулукка шектүү делип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-январында Сокулук РИИБге Бишкектин 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал «Чика» аттуу чала тааныш бала анын телефонун күч колдонуп тартып алганын айткан.
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 25 жаштагы Т.Ч. аттуу жаран кармалды.