16:21
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бир аз чыңалуу бар.

«Баткен облусунда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштөөдө. Күч түзүмдөрүнүн бөлүмчөсүнүн аракеттерин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жеринде көзөмөл кылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
22-октябрь, шаршемби