Ток тартып каза болгон жоокерге компенсация берүү маселесин комиссия карайт

09:43, 21 января 2020, Бишкек - 24-kg.com

Ошто токко урунуп каза болгон жоокерге акчалай компенсация берүү маселесин комиссия карап чыгат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

«Аскер прокуратурасы өз корутундусун чыгаргандан кийин, каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү тууралуу маселе каралат», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Эске салсак, ефрейтор Ш.у. А. машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунган. Жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калган.