Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кишинин абалы туруктуу

10:52, 21 января 2020, Бишкек - 24-kg.com

Баш калаада көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кишинин абалы туруктуу. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу палатага которулду.

«Рентген жабырлануучунун сыныктары жок деп көрсөттү. Болгону анын мээси жабыркаган. Жалпы абалы туруктуу", - деди башкы дарыгер.

Эске салсак, Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургуну дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.