10:19, 23 января 2020, Бишкек - 24-kg.com
Баткен облусуна караштуу Бужум айылында аскер кызматкери октон жарадар болду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Башкы штабдан билдиришти.
Окуя мурунку түнкү ок атышуу практикасын өтөп жатканда болгон.
«Ефрейтор А.М оң билегин тешип өткөн октон жарадар болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын абалы канааттандыраарлык», — деп билдиришти Башкы штабдан.