Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

14:37, 30 января 2020, Бишкек - 24-kg.com

Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, Новиков 2017-2018-жылы экономика министри кызматында иштеген.