06:48
USD 87.45
EUR 102.85
RUB 1.05

Курсант Асановго каршы Аскердик прокуратурага Жениш Разаков арызданган

Ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековго каршы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков арыз жазган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Жениш Разаков укук коргоо органдарына 2019-жылдын август айынын соңунда кайрылган.

«Вице-премьерге өзүнүн жазган түшүндүрмөсүнүн жайылып кетиши эмес, журналисттердин чыккынчылык боюнча суроолору катуу тийген. Бирок, иште күбө катары Кашкар Жунушалиевдин жардамчысынын жакын досу көрсөтмө берген», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаковдун Тажикстандын коопсуздук кызматында үч күн бою кармалып, бошотулганы боюнча түшүндүрмө каты интернетке жарыяланган.

Курсан Асанов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясынан кийин кызматтан алынып, иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар