10:12, 06 февраля 2020, Бишкек - 24-kg.com
Түркиянын Ван облусунда кар көчкүдөн каза тапкандардын саны 33 кишиге жетти. Бул тууралуу ТРТ билдирди.
Маалыматка караганда, Бахчесарай районунда кечээ кечинде кар көчкүнүн астында калган микро автобустагы эки кишини издөө иштерин жүргүзгөн куткаруучу топтун үстүнө дагы кар көчкү түштү.
30дан ашуун адам куткарылып, 33 адамдын жансыз денеси табылды.
Ван губернатору Мехмет Эмин Билмез, кар көчкүнүн астында калгандыгы божомолдонгон 10-15 кишини куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын билдирди.