«Бүтүн Кыргыстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык сотто активист Мелис Аспековко утулду. Бул боюнча Биринчи райондук сотунун канцеляриясынан 24-kg.com агентигине билдирди.
Чечимге ылайык Адахан Мадумаров Facebook баракчасында айткандары төгүндөп, 50 миң сом моралдык компенцанция төлөп бериш керек.
Белгилей кетсек, Мелис Аспеков кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган. Анда активист 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор» деп айтканы негиз болгон.