23:21
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Жеңиш Разаков өзү арыз жазган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министрдин Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы жөнүндө маалымат чыгып, кийин ал УКМК тарабынан төгүндөлгөн.

Чек ара маселеси боюнча Бишкекте өткөн митингде Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар