Жеңиш Разаковдун ордуна вице-премьер-министрликке өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров көрсөтүлдү.
Бүгүн анын талапкерлигин коалициялык көпчүлүк колдоду.
Белгилей кетсек, вице-премьер-министр укук коргоо органдарын жетектейт. Андан сырткары, ага чек ара маселеси толугу менен жүктөлөт.Учурда Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу боюнча маселелерди талкуулап жатат. Өкмөт Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тескей жана Арык-Асты участоктору Тажикстан тарапка өтөрүн кабарлаган. Коңшу тарап кайсы аймактарды Кыргызстанга сунуштаганы белгисиз.
Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары Акрам Мадумаровдун талапкерлигин сынга алышты.
Вице-премьер-министрликке Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жана Акыйкатчы Токон Мамытовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланган.