Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишини боюнча үч шектүү тергөө менен кызматташууга өттү. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өз маалымат булактары билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиевдин тарапташтарына каршы көрсөтмө берип жатканы айтылган. Алардын маалыматынын негизинде, КСДПнын бир нече мүчөлөрүнө айып тагылды.Кой-Таштагы элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов дагы тергөө менен кызматташтыкка барганы белгилүү болду.
Бул үчөө тең учурда үй камагында.