10:24, 28 февраля 2020, Бишкек - 24-kg.com
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен бирге болот.«Ал мыйзамсыздык жана укуктук башаламандыкка каршы тургандардын жанында болот», — дейт Кундуз Жолдубаева.
2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлдү. Аны Биринчи май райондук соту карайт. Биринчи угуу 2-мартка белгиленди.