Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Ички иштер кызматкерлери жеңил жаракат алгандыктан ооруканага жаткырылган жок.
Көкүрөгүнө желим ок тийген кыздан башка жарандар даарыгерлерге кайрылган эмес.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады.