Таласта менчик үйдүн короосунан төрт байыркы кумура табылды

10:08, 05 марта 2020, Бишкек - 24-kg.com

Талас облусунун Манас районундагы Кара-Чай айылындагы үйдүн короосунан төрт кумура табылды. Анын видеосу Facebook тармагына жарыяланды.

Маалыматка караганда, короодон төрт кумура казып алышкан.

«Бул кумурада эмне сакталганы белгисиз. Бирок, оозу таш менен жабык экен», — деп айтылат видеодо.