09:31, 19 марта 2020, Бишкек - 24-kg.com
Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Камчыбек Ташиев Сузак районуна 20 миң беткап жеткирди. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.
Алардын билдирүүсүндө, беткаптар Сузак жана Жалал-Абадда таркатылат.Буга чейин ишкер Аскар Салымбеков калктын аярлуу катмарларын бет кап менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын бөлөрү айтылган.
Ал эми ишкер Урмат Барыктабасов көлдөгү пансионатын карантинге алынгандарды жаткырууга сунуштаган.