09:07
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Исфанада офицер аскер кызматкерине кокустан ок атып алды. Ал жазадан бошотулат

Баткен райондук соту Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын № 30630 аскер бөлүмүнүн командирин жазадан бошотту. Бул тууралуу 24-kg.com сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, Н.К. аттуу жаран «Куралга этиятсыз колдонуу» беренеси боюнча айыпталууда. Ал аскер кызматкерине кокустан от чыгарып алган.

«Аскер бөлүгүнүн окуу полигонунда практикалык ок ​​атуу иштери жүрүп жаткан. Офицер өздүк курамга куралды кантип колдонуу керектигин көрсөтүп жатканда кокустан ок чыгып, келишим кызматкеринин мойнуна тийип, ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилген. Сот мунапыс колдонуп, айыпталуучуну жазадан бошотту», — деп билдирди укук коргоо органдары.

Эң көп окулган жаңылыктар