22:14
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

IPCA дүйнөлүк онлайн-шахмат чемпионаттык оюнуна Кыргызстандан экөө катышты

Ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында уюштурулган IPCA дүйнөлүк онлайн-чемптонаттык шахмат оюнуна Кыргызстандан эки оюнчу катышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Шахмат федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн-чемпионат 16-17-июнда болуп өткөн.

«Онлайн-шахмат чампионатына ар кайсы өлкөдөн, ар кандай курактагы 124 оюнчу катышты. Турнир швейцария системасы боюнча 9 турдан өттү. Кыргызстандан катышкан оюнчулар турнирдин жыйынтыгы боюнча Тилеген Рахатбеков 39-орунду, Дария Кудайназарова 93-орунду ээледи», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, кийинки шахмат боюнча чемпионат октябрда Израилде өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар