15:54, 22 июня 2020, Бишкек - 24-kg.com
Таласта бардык соода түйүндөр жана базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул тууралуу мэр Айдар Жусупбеков 24-kg.com агенттигине маалымдады.
«Баардык мекеменин кызматкерлери дезинфекциялоого милдеттүү. Биз соода борборлорду, базарларды санитардык тазалоо үчүн жаптык. Дүйшөмбү сайын борбордук базар тазаланууга тийиш болчу, бирок буга чейин бул эрежеге көңүл бурушкан эмес. Азыр бул тартипти күчүнө киргизүү чечими кабыл алынды. Азыр эртеңки күндү ойлонуп жатабыз, балким, тетик жана буюм-тайым сатылчу базарды жабабыз. Азык-түлүк сатылган жерлердин баардыгы күндөгүдөй эле иштей берет», — дейт Талас облусунун мэри Айдар Жусупбеков.
Эске сала кетсек, Талас облусу боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 33кө жетти.