14:41, 24 июня 2020, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан 42 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар корей тараптын уюштуруусу менен T-way авиакомпаниясынын Сеул — Бишкек — Сеул чартердик аба каттамы аркылуу келишти.
Кореядан жана Вьетнамдан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.
«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.