Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине «Альянс БУС» ишканасынын өкүлү Григорий Николаиди билдирди.
Анын айтымында, пандемия мезгилинде микроавтобустун айдоочулары чыгымга учурап жатышат.
«Унаалар бош болуп, орундардын 70-80 пайызы гана толушу керек. Бул чыгымдарды актабайт. Андыктан азыр өзгөчө кырдаал убагында жол кирени көтөрүп турса. Жүргүнчүлөр 20 сом үчүн олтуруп барууга даяр», — дейт ал.
Григорий Николаиди сунуш республикалык штабка маалымдаларын белгилейт.


