Дарыгерлерге жардам берүүнү каалаган Эл аралык жогорку медициналык мектептин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах жумушка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Анын айтымында, Аббас Али Шах № 95 орто мектептин күндүзгү медициналык борборунда медициналык кызматкерлерге жардам берет.
Эске сала кетсек, буга чейин Пакистандык Аббас Али Шах 24-kg.com агенттигине ооруканага жумушка орношууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал бекер иштөөгө даяр.