Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков жаңы кызматтык унаа сатып алуудан баш тартып, ага бөлүнгөн акчаны шаардагы күндүзгү ооруканаларга жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу ал 24-kg.com агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Талас шаарынын бюджетинен кызматтык унаа сатып алууга 700 миң сом каралган.
«Бизде 1995-жылы чыккан Mercedes Benz автоунаасы бар, бирок чындыгында эле унаанын абалы өтө начар. Кечээ шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында мен, унаа сатып алууга бөлүнгөн каражатты ооруканаларга берүү сунушун киргиздим. Дары-дармек сатып алып, стационарларда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге кам көрүшүбүз керек. Депутаттар менин сунушумду колдошту», — дейт Айдарбек Жузупбеков.
Белгилей кетсек, 15-июлда Талас облусунда 45 адамдан коронавирус аныкталды.