Алмазбек Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси, президенттин аппаратынын башчысынын экс-орун басары Икрамжан Илмиянов жатак-абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев 24-kg.com агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын объективдүү чечими, анда Икрамжан Илмияновдун келтирилген зыяндын ордун толтургандыгы да эске алынган.
Эске салсак, Икрамжан Илмиянов 2017-жылкы президенттик шайлоодо «Дизель Комплект» ЖЧКсынан сыйлык жана демөөрчүлүк катары 150 миң доллар алган деп айыпталган. Соттун өкүмү менен ал жети жылга эркинен ажыратылган.