Коронавирус инфекциясынын өсүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мектептерине иштөөгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкек шаарынын башкы санитардык даарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, мектептерге окуучуларды кабыл алууга уруксат берилбейт.
«Ордо калаада илдет өсүп жатат. Күнүнө 22-25 адамга жугууда. Аймактардагы мектептерде окуучулар ортосунда аралыкты камсыздоого болот. Бишкекте бир класста 40-45 бала болгондуктан биз сактанып жатабыз», — дейт Кубан Кундашев.
Белгилей кетсек, сентябрь айынан бери мектептерде 1-класстар гана окуп, калгандары аралыктан билим алууда. Республикалык штаб 6-октябрдан тарта 7-класстарга чейинки балдар дагы окууга барарын айткан.