03:19
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

COVID-19. Бир суткада төрт адам каза болду

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан өткөн суткада төрт адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Ош шаарында – 1 вирус жугузуп алган бейтап набыт болду.

Март айынан бери Кыргызстанда 54 миң 588 киши коронавируска чалдыгып, анын 1 миң 126сы каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар