Акылбек Сариев Боршайкомдун курамына кайтып келет

09:35, 29 октября 2020, Бишкек - 24-kg.com

Акылбек Сариев Боршайкомдун курамына кайтып келмекчи. Бул тууралуу 24-kg.com маалымат агенттигине Жогорке Кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кызматынан бошонуп кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна келет.

Эске салсак, 2010 жана 2011-жылдары ал БШКнын төрагасы болуп иштеп, 2010-жылдын июнь айында референдум, парламенттик жана президенттик шайлоолорун өткөргөн.