15:56, 30 октября 2020, Бишкек - 24-kg.com
Бишкектин Ленин районунда адамды жүзүнөн тааныган 70 видеокамера орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, камералар Сухомлинов, Жунусалиев, Жаманбаев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектешкен аймакка орнотулат. Учурда магистралдык чоймолорун орнотуу иштери башталды.
Мониторинг пульту Жунусалиев көчөсүндөгү милициянын № 2 шаардык бөлүмүнө орнотулмакчы.