15:29, 03 ноября 2020, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте АКШ долларынын баасы бир катар банктарда 84.80 сомго жетти.
Эске салсак, кечээ долларды 81,72 сомдон сатып алып, 81,9 сомго сатып жатышкан. Ошол эле күнү кечинде курс тездик менен өсүп 83 сомго чыккан.
Ал эми бүгүн, 3-ноябрда, эртең менен Америка валютасынын баасы 82,87 (сатып алуу) жана 82,87 (сатуу) болуп турган.