Кинотеатрларды ачуудан бийлик баш тартты

11:51, 19 ноября 2020, Бишкек - 24-kg.com

Кинотеатрларды ачуудан учурда баш тартылды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маселени учурда министрлер кабинети караштырууда. «Республикалык ыкчам штаб тийешелүү чечимин кабыл алган күнү кинотеатрлардын иши жандандырылат», — дешти өкмөттөгүлөр.

Эске салсак, республикалык штабдын кечээ 24-kg.com агенттигине берген маалыматына ылайык, бүгүндөн баштап кинотеатрлар өз ишин улантмак.