00:41
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Өгөй атасы сабаган алты жашар Рамазандын апасы андан баш тартты

Өгөй атасы сабаган алты жашар Рамазандын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, баланы тайенеси расмый камкордукка алды.

«Рамазанга эч кандай коркунуч жок. Ага адамдар дагы эле тамак-аш, кийим кече жөнөтүп жатышат», — дейт юрист.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда жашаган Рамазан өгөй атасы тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бир нече күндөн кийин апасы күйөөсүнө каршы арызын кайтарып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар