АКШнын санкциялык тизмесине Райым Матраимовдун жубайы да кирди

10:39, 11 декабря 2020, Бишкек - 24-kg.com

Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү жана Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата АКШнын мамлекеттик департаменти жана Финансы министрлиги коррупционерлер жана адам укуктарын бузгандарга санкция жарыялады.

Магнитскийдин тизмесине Бажы кызматынын мурунку төрага орунбасары Райымбек Матраимов да кирди.

АКШ мыйзамына ылайык, Мамлекеттик катчы санкциялык тизмеге кирген жемкорлордун жакын туугандарын да киргизет. Ошондуктан Матраимовдон тышкары, санкциялык тизмеге анын жубайы Уулкан Тургунова да кирип калды.