Ошто жылуулук өтүүчү кудуктан адамдын сөөгү табылды

11:31, 11 декабря 2020, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында жылуулук өтүүчү кудуктан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда болжол менен саат 14:34тө Масалиев көчөсүндөгү кудуктан адамдын сөөгү табылды.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.